Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Көзүм көрбөй каларын билгем. Ишкерликке кадам таштаган Матлюба менен маек

Көзү дартка чалдыгып көрбөй калса да, бирөөдөн жардам күтүп отурууну жактырбаган каарманыбыз Матлюба учурда пельмень чыгаруучу чакан цех иштетүүдө.

— Азыр пельмень чыгарган чакан цех иштетип жатыпсыз. Буга кандайча жетиштиңиз?

— Ооба, быйылтан баштап өз алдымча чакан ишкердик менен алектене баштадым. Буга чет элдик кайрымдуулук фонддон жардам беришти. Негизги кесибим мугалим. Бирөөгө көз каранды болбош үчүн жасаган аракетимдин аркасынан өз алдынча болууга жетиштим деп ойлойм. Мурда жакындарыман акча суроого туура келчү. Ишкердикти жакшы эле баштагам, ортодо карантин да бир аз тосколдук жаратып койду. Азыр кардарлардын санын арбытуу менен алекпиз. Буюрса, туруктуу сатып алуучуларды таап алсам, бул ишимди жолго коёрума ишенем. Азырынча сиңдим экөөбүз иштеп жатабыз, мүмкүн кийинчерээк жардамчыларды да алармын.

— Ошондо кандай азыктарды чыгарып жатасыздар?

— Биз пельмень жана вареники менен камырдын түрлөрүн чыгарып жатабыз. Кыскасы, бизден адал жарым фабрикат азыктар чыгат. Кээ бир ишканалар таразадан бир аз кемитип коюшат. Биз андайга жол бербейбиз.

— Кечирип коюңуз, көзүңүз көрбөсө университетте билим алуу, мектепте иштөө оорчулук жараткандыр?

— Мурда көзүм жакшы эле көрчү. Бирок караңгыда эч нерсе көрбөй калаарымды 12 жашымда байкадым. Күндүз кадимкидей эле көрчүмүн. Ошентип 16-17 жашка келгенде бир туугандарым Улуттук госпиталдын поликлиникасына көрсөтүшкөн. Дарыгерлер "куринная слепота" деген диагноз коюп, бирок ал өтө деле кооптуу эместигин айтышкан. Бирок булардын аныктоосу туура эмес болуп чыкты. Кийин мектепти аяктап Бишкекке келгенде Академик Алмазбек Исманкуловдун көз оорулары боюнча клиникасынан көзүмө "Центральная дистрофия сетчатки" деген дартты коюшкан. Ошондон кийин убак-убагы менен дарылоо курсунан өтүп турчумун. Бирок дарыгерлер ошондо эле көзүмдү операция жасоого болбой турганын, барган сайын көрүүсү начарлай берерин айтышкан.

— Эмне кыялыңыз бар?

— Алгач эле үйлүү болууну кыялданам. Мага жардам берген фонддун өкүлдөрү "Сен да бир кездерде башкаларга жардам бересиң", — деп шыктандырышты эле. Ошондон кийин муктаждарга жардам берген деңгээлге жетүүнү кыялданам жана максат кылам.
Made on
Tilda