Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Жолдошунун бутуна бут, колуна кол болгон айымдар

Бала тарбиялоо, үй тиричилиги, алыш-катыш, дегеле жашоодогу түйшүктүн баары эле аялзатына жүктөлүп калгандай. Ушундай кыйынчылыктардан тышкары майып адамга турмушка чыгып, өздөрүнүн калган жашоосун аларга арнаган күчтүү айымдар бар.

Таалайгүл: “Жолдошум көзүмдү карап турат” Таалайгүл менен Замирдин турмуш курганына үч жылдын жүзү болду. Таалайгүлдүн мындай тагдырга туш келип калганынын себебин ата-энеси “жаңы төрөлгөндө доктурлар колунан түшүрүп алышкан” деп божомолдошот. Ал эми Замир төрт жашында бала бакчада ойноп жатып жамбашы сынып, ошондон кийин сөөктөрү өсүүдөн калган. Денесинде мүчүлүштүк болгону менен жүрөктөрүндө чоң сүйүү жашаган бул жубайлар учурда Ырыскелди аттуу уулдун ата-энеси.

Таалайгүл, өзүң басат экенсиң, такыр эле басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамга турмушка чыгууңа эмне себеп болду?

— Ооба, мен сылтып болсо да баса алам, жолдошум майыптар арабасында отурат. Замир экөөбүз алгач Токмоктогу атайын мектептен таанышканбыз. Бирок эки айдан кийин эле ата-энем мени ал жактан чыгарып кетишкен. Кийин Замир экөөбүз интернет аркылуу кайра табышып алып үч жыл сүйлөшүп, той менен баш кошконбуз. Жолдошум абдан токтоо жан, боорукерлигине, адамгерчилигине суктанып бүтө албайм. Кыргызда “тең теңи, тезек кабы менен” деген макал бар эмеспи, анын сыңарындай алты саны аман балага турмушка чыгып алып кайын журттун сөзүн укканча, өзүм сыяктуу эле мырзага турмушка чыгууну туура көрдүм. Туура эле кылган экенмин, жолдошум көзүмдү карап турат, сыйлайт, урматтайт. Мындан улам ата-энем да күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт.

Өзгөчө адам менен жашоо кандай?

— Жашоодо кыйынчылык менен кубанычтуу күндөр ээрчишип жүрөт экен. Жолдошум экөөбүз экөөнү тең көрдүк окшойт. Бир жарым жыл балалуу боло албай жүрдүк. Балабыз төрөлгөндөн бери мен үйдөмүн. Балага керектүү нерселерди алып келүүгө жолдошум барганга туура келет. Арзанына карап базарга барайын десе, майыптарга шарт жок, айласыздан таксиге түшүп алып кымбатына карабай гипермаркеттерден сатып келет. Үйдөн баланы кармап турганга, карашканга жарайт. Кайын журтум менен чогуу жашайбыз, балким, ушул себептен жардамчылар көп болуп кыйынчылык сезилбей жатса керек.


Булагы: Lady.kg

Made on
Tilda