Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле...

Исабек Олжобай уулу менен Назгүл Жээнбекова 10 жыл мурун баш кошуп, эки баланын ата-энеси болушкан. Жубайлардын экөөнүн тең көзү көрбөйт, ага карабай эл катары балдарын багып, бактылуу жашап жатышкан...

Бирок бүлө башчысы Исабектин омурткасында шишик пайда болуп, жүлүнүнө суу толуп кеткендиктен тезинен чет өлкөгө барып дарыланыш керек экен. Эртелетпесе буту-колум иштебей, баспай калышым мүмкүн дейт.

"Жубайымдын көзү 1,5 жашында көрбөй калыптыр. Ата-энесинин айтымында, сасык тумоодон өтүшүп кетип кийин көзүнө таасир эткен экен. Мен болсо 18 жашка чейин жакшы эле көрчүмүн. 19га чыкканда башымда шишик пайда болуп, андан көзүмө өтүп үч жолу операция жасаттым. Үчүнчү операциядан кийин такыр эле көрбөй калдым. Мурда баарын көрүп жүргөнгө шаарда өзүм жалгыз таяк менен жүрө алам", — деди Исабек Олжобай уулу.

Батирде жашап, майып болсо да жаш жубайлар эки баланы эч нерседен кем кылбай багышат.

"Апасынын көзү көрбөй, баласынын кийими кир болуп калыптыр дешпесин деп бат-баттан алмаштырып турам. Дос кыздарым менен жолуксам, "балдарыңды тазалап-сүртүп эле турат экенсиң" деп айтышат. Балдардан кем болбосун деп сураган оюнчугун алып берип, каалаган тамагын жасап беребиз. Экинчи кызым төрөлгөндө ата-энем, өкүл аталарыбыз "бир балаңарды биз багып берели" деп сурашкан. Бирок макул болгон жокпуз. Кыйналсак дагы өзүбүз баккан жакшы.

Башка үйдө чоңоюп, кийин бизге келсе көнбөй, психологиялык жактан кыйналышы мүмкүн. Андан көрө баарын көрүп, ата-энесинин мээриминде өскөнү жакшы. Кичине болсо да экөө тең абалыбызды жакшы билет. Мисалы, улуу балабыз бакчанын же үйдүн жанына келгенде өзү токтойт. "Арык, унаа" деп айтып турат. Кичинекейибиз суу ичкиси келсе, колубуздан жетелеп столго алып барат. Үйдөн кайсыл жакта жүргөнүн билиш үчүн бутуна коңгуроо тагып коебуз", — деди Назгүл.

Исабек Олжобай уулунун жалгыз таянганы — иниси. Ал деле кара жумушта иштеп, байкесине көмөктөшүп турат. Апасынын көзү өткөнүнө 5-6 жыл болуптур, атасын болсо ажырашып кеткендиктен тааныбайм деле дейт.
Made on
Tilda