Актуально

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жумушка орноштуруу кызматтарына калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү жана кесиптик багытты күчөтүү боюнча тапшырма берилди

Мероприятия
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун ишке орноштуруу кызматтары менен кеңейтилген жумушчу кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеге Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын, Кочкор жана Жумгал райондорунун аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин директорлору катышты.

"Президент жана Министрлер Кабинетинин башчысы тарабынан биздин алдыбызга коюлган негизги милдет - ишке орноштурууга жана иш менен камсыз кылууга активдүү көмөктөшүү. Өткөн жылы биз жумушсуз жарандардын санын 5% га кыскарттык. Бул багыттагы иш жөн гана улантылбастан, мүмкүн болушунча күчөтүлүшү керек.

Экинчи жылы Эмгек министрлиги аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун демилгеси менен, социалдык контракт аркылуу муктаждыгы боюнча жөлөкпул алуучулардын категориясынан жеке ишкерлер категориясына өтүүгө жардам берет. Быйыл Ысык-Көл облусунда 794, Нарын облусунда 587 үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзүштү.

2022-жылы эмгек рыногундагы активдүү чараларга 22,6 миңден ашык жумушсуз жарандар тартылып, 15,7 миң жаран ишке орноштурулган.

Ошол эле учурда Ысык-Көл облусу боюнча гана тигүү фабрикасына 1000ден ашык жумушчу жетишпейт. 14 ишкана 45 миң сомго чейин айлык акы сунуштаганы менен толук кандуу иштей албай жатат", - деди Министрдин орун басары Ж.Полотова.

Жылдыз Полотова жумушка орношууну каалагандарды окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Жыйында тигүү фабрикасынын жетекчилери сөз сүйлөп, эмгек шарттары тууралуу айтып беришти.

"Билим" окуу-билим берүү борборунун директорунун орун басары Махабат Малдыбаева кесиптик окутуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Текстиль, жеңил, кагаз жана аны менен байланышкан тармактуу экономиканын, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин терайымы Алмабубу Жаркынбаева эмгекти коргоо тармагындагы кызматкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоо жөнүндө айтып берди.

https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0r9XdpdfJRqd267p2xuQCZMADiT3jegjURKzXdjDqHLNarfraquAQMUXAygnvAkP8l&id=100018511148843&mibextid=NOb6eG

https://www.youtube.com/watch?v=6E4Aob1gOWs
Made on
Tilda