Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Көзү азиз диджей Азамат Бердияров

Азамат Бердияров биринчи топтогу майыптыгы бар киши. Учурда радиолордун биринде ди-джей болуп иштейт.

Көзү азиз болгондугуна карабай 13 жылдан бери радио жаатында эмгектенип жүргөн Азамат Бердияров "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.
Азамат Бердияров учурда радиолордун биринде ди-джей болуп иштейт. Буга чейин да бир канча радиолордо алып баруучулукту аркалаган. 

– Мен 1991-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөм. Төрт бир туугандын улуусумун. Көзүм тубаса көрбөйт. Көзүм азиз болгону менен көкүрөгүм бош эмес деп айтып калам. Биз көзү көрбөгөндөр айрым алты саны соо адамдар жасай албай турган нерселерди жасайбыз. Айрым жашоосуна нааразы болуп, жалкоолонгон адамдарды жек көрөм. Ѳзүм айылда туулсам да Бишкектеги Көзү азиздердин мектебинен билим алдым. Мектепти аяктап, 2013-жылы КММАнын алдындагы колледждин Санитардык иш бөлүмүнө тапшырдым.

Ал жерде атайын мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга бөлүм бар. Жатаканасы да атайын майыптар үчүн ыңгайланышкан. Жатаканада бирге жашаган балдардын мүмкүнчүлүгү чектелгени менен көбү аракетчил, тың. Алардын жан дүйнөлөрү, жүрөктөрү, келечекке болгон тилектери майып эмес. Кандай болбосун дайыма алдыга умтулушчу. Колледжден мыкты окуучулардын катарын толуктап, жогорку деңгээлдеги билим алып чыктым. Кесибим – профессионалдуу укалоочу.

Студент кезде кесибим боюнча тажрыйба топтоо максатында практикаларга чыгып жүрчүмүн. Окуумду аяктагандан кийин өз кесибим менен эмес, радиодо ди-джей болуп иштеп калдым.
Made on
Tilda