“Оорумдун так аныктамасы жок”
— Бишкек шаарында 1991-жылы төрөлүп, ушул эле борбор калаада чоңойдум. Бир сиңдим бар. Мен 5-ноябрь майрам күнү жарыкка келиптирмин. Апамдын кош бойлуулугу талаптагыдай ѳтүп, дени сак балалуу болоруна ишеничи бек болуптур. Тилекке каршы, мен оору менен жарыкка келгем. Ата-энем “ал күнү доктурлар майрамдап, кызуу болушуп, сени колунан түшүрүп алышса керек” деп божомолдошот. Ал кезде баланы эненин жанына коюшчу эмес экен. Ошондуктан апам деле көргөн эмес, буга далил жок. Диагнозум да так эмес, ДЦПга да, башкасына да окшобойт. Бир билгеним нерв системасына доо кеткен. Кичинекей кезимден бери белим түзөлбөйт, сылтып он метрдей гана баса алам. Балдак менен басайын десем тең салмакты кармай албай жыгылып калам. Ден соолугумду чыңдоо үчүн ата-энемдин барбаган оорукана, доктуру калган эмес. Жылына төрт ирет ооруканага жаткырып, кымбат дарыларды Орусиядан алдырып сайдырып багышты. Алардын айтуусунда кичинемде колумду өз алдынча көтөрө алчу эмес экенмин. Витаминдерди берип, ооруканалап жүрүп ал абалдан азыркы сылтып баскан деңгээлге жетиптирмин. Ушуга кубанабыз. Ата-энеме абдан ыраазымын.Сиңдим менден он жаш кичүү. Ал жарыкка келгиче он жыл эрке кыз болдум. Кийин да эркелигим калган жок.
“Ата-энем кесип ээси болушум үчүн жан үрѳштү”
— Ата-энемдин мээримине, сүйүүсүнө бөлөнүп балалыгымда сылтып баскан абалымды этибар деле алчу эмесмин.Мектеп жашына келгенде мени балдар реабилитациялык борборуна окууга беришти. Борбордун окуучуларын эртең менен майыптар арабасына салып алып киришип, окуу бүткүчө арабадан түшүрүшчү эмес. Өзүм баскан жаным беш айдын ичинде баспай калдым.Ошондо ата-энем “минтип баспай калганча кадимки эле мектепке барып окуганы жакшы” деп №32-мектепке которушуп, ошол мектепти аяктадым. Бирок жогорку окуу жайда окуй алган жокмун. Үй иши, курбуларым менен эле убактым өтчү. 21 жашымда апам тырмак жасалгалоо курсун окуп көрүүмдү сунуштады. Атам күнүгө алып барып алып келип турмай болду. Алардын мени оорулуу санабай кадимки балдардай кабыл алып жумшап, шыктандырып, окуткандарына ыраазымын. Мен курста окууну баштаганда атам эшиктин алдына чакан салон сала баштады. Мен окуумду бүткөндө салон да салынып бүттү. Бир бөлмөнү экиге бөлүп, жаныма бир чач тарач алып иштете баштадым. Башында тажрыйбам болбогонго кардарлардан уруш угуп да жүрдүм. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей эмгектин аркасы менен кардар топтоп, ишим каражат алып келе баштады. Бирок турмушка чыккандан кийин салонумду жабууга туура келди.
“Бактымды майып адамга байладым”
— Жолдошум Замир да мага окшош майып адам. 1987-жылы туулган. Төрт жашында бала бакчадан бир бала түртүп жиберип, жамбашы сыныптыр. Ошондон баштап сөөктөрүнө кальций жетпей өспөй калган экен. Анын сөөктөрү жумшак, катыбай калган, катуу бир нерсе тийсе эле сынып кетет. Тукумунда минтип ооруган адам болбосо да агасы экѳѳ ушундай оорудан жабыркап келишет. Доктурлар 18 жашка чейин катыйт дешкен менен жыйынтык болбоптур. 11 жашында мен окуган борборго Оштон келиптир. Бирок ал кезде сүйлөшкѳн эмеспиз. Ал турсун бир борбордо окуганыбыз жолдошумдун таптакыр эсинде жок экен. Экѳѳбүздү тагдыр кийин курбу кызым аркылуу кайра табыштырды. Үч жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш кошконбуз. Сүйлөшүп жүргөндө кадимки адамдардай эле шаардык аянтка жолугушууга барчубуз. Жолдошумдун арабасына жөлөнүп артынан түртүп алчумун. Жолдошум абдан оор басырыктуу мырза. Анын токтоолугу абдан жаккан. Башында апам: “Сен аз да болсо баса аласың. Дени сак балага турмушка чыксаң болот. Майып адам менен кыйналып каласың”,- деп каршы болду. Бирок мен өжөрлөнүп ушул балага тием деп туруп алдым. Ата-энелерибиз эл катары тоюбузду өткөрүп беришти. Мурда каршы болгон апам азыр күйөө баласын менден дагы жакшы көрөт.
“Уулубуз жалгыз бала болуп калды”
— Үч жыл балалуу боло албай, барбаган доктур, генетигибиз калган жок. Алардын баары бир ооздон тѳрѳшүмѳ каршы болуп жатышты. Кыдырып жүрүп орус улутундагы гинекологго кабылдым. Ал “аракет кылып көрөлү” деп дарылап, үмүтүмдү жандырды. Кудай буюруп кѳп ѳтпѳй кош бойлуу болдум. Бирок ден соолугумдан чочулап мени эч ким каттоого албай койду. Гинекологума кайра барсам корей улутундагы дарыгерге жиберди. Ал мени тобокелге салып каттоого алып, ай-күнүмө жеткенде кесарево жолу менен тѳрѳтүп алды. Ошентип кыялым орундалып, эне деген атка ээ болдум. Ырас, кош бойлуу кезим жеңил ѳткѳн жок. Айрыкча акыркы айларда баса албай, майыптар арабасында отуруп калгам. Операция менен тѳрѳѳ да ден соолугума залакасын тийгизди. Наркоз алганда өпкөм иштебей калып, доктурлар жанымды араң алып калышкан экен. Ошондуктан башка балалуу боло албайт экенбиз. Болбосо уулубузду көп бир туугандуу кылуу кыялыбыз бар эле. Мейли, ушуга да Кудайга шүгүр дейбиз.
“Кайын журтума эрке келинмин”
— Жолдошум менен сүйлөшүп жүргөндө эле болчоктогу кайната, кайненем менен таанышкам. Келин болуп барганымда жаңы ата-энем мени өз кызындай кабыл алышты. Жолдошум төрт бир тууган, баары эркек балдар. Мен кайын журтумдун жалгыз, эрке кызымын. Үйдө ашканада эле кожойкелик кылып, тамак жасап, идиш жууйм. Тагыраагы отуруп кылган жумуштарды эле жасайм. Үй шыпырып, пол жуу сыяктуу жумуштарда кайнилерим жардам беришет. Уулума эки ай болду. Кыйналып тѳрѳгѳнгѳ баламды жакшы карай албай, кошумча тамакка эрте аралашып калган. Эмчек эмүүгѳ эми көнүп келе жатат. Уулумду колго алып жүрѳ албагандыктан керебетке жаткырып алып гана карайм. Бийик үстөлгѳ отуруп алып эмизем, такма жалаягын алмаштырам. Чоң ата, чоң энеси жуунтканга жардамдашышат. Түнкүсүн жолдошум кошумча тамактарын даярдап берет. Атам таңкы саат беш-алтыларда эле туруп “силер уктап алгыла” деп баланы көтөрүп жардам кылат. Апам да жумуштан келери менен небереси менен алек болот. Айтор, биринчи небере болгонго уулубуз баарыбыздын кѳңүл чордонубузда.
“Үч чоң кыялыбыздын бирѳѳ гана ишке аша элек”
— Жолдошум да ЖОЖдо билим алган эмес. Мектепти бүткөндө ата-энеси үйдүн жанына компьютердик клуб ачып берип, төрт жыл ошону иштетиптир. Кийин Акнет компаниясы борбордо окуган балдарды бекер окууга чакырып, ошол жерде операторлукту окуп, иштеп калган. Азыр агасы экөө үйдүн жанына кичинекей бөлмө ачып, ушул эле багыттаиштешет. Жумушу өзүнө ыңгайлуу, отуруп сүйлөө гана керек. Айына 7-8 миң сом табат. Ал акча балабыздын такма жалаягы менен кошумча тамагынан ашпайт. Мындан сырткары, үч миң сомдон жөлөк пул алабыз. Учурда ата-энебиз менен бирге турганга үй маселеси анча сезиле элек. Бирок аркабызда инилерибиз өсүп келе жаткандыктан ойлонбой койгон жокпуз. Улуусу катары биз бөлөк чыгышыбыз керек эмеспи. Ошого азыртан батир алууну пландап жатабыз. Буюрса, уулубуз чоңойсо мен да мурдагы жумушумду кайра колго алам. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө үч чоң кыялыбыз бар эле. Үйлөнүү, балалуу болуу жана үй алуу. Эми ушул акыркы кыялыбызга жетсек сонун болот эле. Мурда бизди ата-энелерибиз шыктандырса, азыр балабыз үчүн жашап калдык. Уулубузду жакшы чоңойтуп, татыктуу тарбия, билим берсек дейбиз. Бизден жаман ооруга чалдыккандар, өмүрү төшөккө байланып калгандар, көзү көрбөгөн, кулагы укпагандар деле бар эмеспи. Аларга караганда биз көрөбүз, угабыз, иштегенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушул жашообузга шүгүр кылып дагы да алга умтула беребиз.
Элсом: 0700 65 07 00 Бул рубрикада номер берилбейт
Айгерим Токтобай кызы
Булак: https://lady.kg/taalaigul-apamdyn-karshylygyna-karabai-maiyp-adamga-turmushka-chykkam/
Lady.kg © — Сиздин ишенимдүү курбуӊуз — онлайн!