Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Көзү азиз массажист Автандил: окууга өткөндө гана өзүмө келип, алдыга умтулдум

Бишкектеги №6 бейтапканада укалоочу болуп иштеген Автандил массаждын бардык түрү боюнча чебер. Бирок ага көбүнчө дарылоо укалоосу талап кылынган бейтаптар кайрылышат. Алардын арасында наристелер да бар.

— Бала чагыңыз тууралуу билеличи?

— Мен 1987-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөм. Үч бир туугандын улуусумун. Менден кийин иним жана карындашым бар. Мектепти Балыкчы шаарында аяктадым. Негизи кичинемде чоң аталарымдын колунда көбүрөөк жүрдүм. 

— Көзүңүз эмне болуп көрбөй калды эле?

— Башында көзүм жакшы эле көрчү. Бир аз көрүүсү начарлап отуруп, 8-класста окуп жүргөндө туруп-туруп эле көрбөй калдым. Ага чейин жарык улам бүлбүлдөп өчүп бараткандай болгон. Дарыгерлер көзүмдүн дартын көпкө аныктай алышкан жок. Көрбөй калуумдун себебин да тактап биле албадым. "Жаракат алгансың, ошонун кесепети" деп да айтышты. Кийин эки көзүмө тең операция жасалып, ал ийгиликтүү эле болгон. Бирок катуу тумоолоп, көзүмдү бир нерсе каптап калгандай болду. 

— Жакшынакай эле жүрүп көрбөй калган абдан оор болсо керек. Жеткинчек курагыңызда ушундай кырсыкка туш болуптурсуз...

— Албетте, көрүп жүрүп эле көрбөй калуу өтө кыйын. Чын-чынына келгенде абдан оор эле болду. Алгач жалгыз баса албай жанымда дайыма бир киши жүрчү. Үйдөгүлөрдүн жардамы менен кыймылдап калгам. Апам экөөбүздүн барбаган жерибиз калган жок. 

— Укалоочу кесибин каяктан окудуңуз?

— Атамдар шаарга көчүп кеткенде деле мен мектепти аяктаганым менен Балыкчыда болчумун. Ошол 2011-жылы көзүм да начарлап калган. Бир күнү апам мага телефон чалып "балам, Бишкекте "Азиздер жана дүлөйлөр" коому бар экен, барып келбейлиби" деди. Макул болуп шаарга келип, апам экөөбүз коомдун ошол кездеги төрагасы Калыбек Мамбетакуновго жолуктук. 

— Азыр кандай пландарыңыз же кыялыңыз бар?
— Биздин бирден-бир көйгөйүбүз — үй маселеси. Мурда "Азиздер жана дүлөйлөр" коому мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга кезек менен бекер үй берчү. 2014-жылдан бери көп кабаттуу үйлөр салына элек. Азыр бизге окшогон көзү азиздердин көйгөйү да ушул үй маселеси болууда.
Made on
Tilda