Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Зыягүл Исмаилова: "Ташкындаган таланттар көмүскөдө калбасын"

Зыягүл Исмаилова ырчымын деп жүргөндөрдүн кээсин артта калтырат. Учурда 41 жашта, бир кыздын энеси. Былтыр "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алган.


Ал майыптыгы бар адамдарды өзү менен кошо коомго аралаштырып, көөдөнүндө катылган талантын алып чыгып көрсөткүсү келет. Мамлекет аларды өзүнчө бөлүп койгонун туура эмес деп эсептейт.


"Республикада кайсы фестиваль, иш-чаралар болобу баарына барып катышам. Спорт менен да машыгып, кол күрөш боюнча Азия чемпионатынан экинчи орунду алып келдим. Жакында кол менен башкарыла турган автоунаа алгам, азыр айдаганды үйрөнүп жатам.


Бизде бөлүнүү болуп жатат, майыптыгы бар адамдар үчүн 3-декабрды белгилеп койгон. Ошол күнү гана бизге көңүл бөлүнөт, ырларыбызды угат, кичине белек-бечкегин берет. Анан кайра эле өзүбүздүн чөйрөдө калып жатабыз. Ошону мамлекеттик деңгээлде карап, тийиштүү наамдарын берсе.


Кыргызстандын желегин желбиреткен уул-кыздарыбыз бар. Алардын көмүскөдө калып кеткени ичимди аябай ачыштырат", — деди Исмаилова.
Made on
Tilda