Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Света Эсенказиева: "Алдыга умтулуу менен жашай берем"

Тагдырга сынбагандар


Тагдыр сыноосу татаал. Каарманыбыз он гүлүнүн бир гүлү жаўы ачылып келатканда күтүүсүз кырсыктан майып болуп калган. Бирок, тагдырга моюн сунбай алдыга умтулуу аракети ага дем берип, бир катар ийгиликтерге жетише алган. Төмөндө өзүн-өзү кайра жаратуу менен алдына асыл максаттарды койгон каарманыбыз менен дил маек.


“Балдарымды сагынганда барып көрүп келип турам”


—Мен 1988-жылы Тоң районунун Көл-Төр айылында төрөлгөм. 19 жашымда Жети-Өгүздүн Боз-Бешик айылына турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болдук. 2013-жылы март айында Караколдон айылга келе жатып жол кырсыгына кабылдым. Кырсыктан үч омурткам сынып кеткен. Биринчи операцияда хирургдар кысылып калган жүлүндү чыгарбай эле сынган омурткаларымды ошол боюнча эле буроо менен бекитип коюшуптур. 3 ай өткөндөн кийин бөйрөгүм чыдатпай ооруп, шишигенинен ооруканага барсак, буроо бөйрөккө сайылып калган дешти. Кайра операция жасашты. Баса албай төшөктө жатып калдым. 2 жылдан кийин Бишкектеги №4 шаардык ооруканага барсак: “Кеч келипсиңер. Тезинен операция жасаш керек, сөөк 3 айга чейин катыбай турат. Жүлүн кысылып турат, ошону бошотуп көрөлү, балким басып кетесиң”,-дешти. Баарыбыз аябай үмүт кылдык. Операциям өтө оор болду. 1 ай ооруканада жаттым. Массаж жасап, ийне алып, сакайып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып көрдүк. Тилекке каршы, жылыш болгон жок.


Кырсыктагандан кийин жолдошум менен 6 жыл чогуу жашадым. Ал үйдүн жалгыз баласы болгондуктан түйшүктүн баары ага түшчү. Үйдө жөрмөлөп жүрүп үй оокаттарын жасаганым менен сыртка чыгып, ага кол кабыш кыла албадым. Күйөөмө колуна-кол, бутуна-бут боло турган адам керек экенин түшүнүп турдум. Тынч эле эки ажырым жолго түштүк. Мен Бишкектеги ата-энемдин колуна келдим, ал үйлөнүп балдарым менен айылда калды. Балдарымды сагынганда айылга барып көрүп келип турам.


“Турмуш сыноосу мени күчтүү кылды”


-Бишкекке келгениме 3 жыл болду. Башында өзүмдү-өзүм жеп, тагдырга нааразы болгон убактарым көп болду. Канча жыл бирге түтүн булаткан жолдошуңду эле бирөөгө берип коюш кыйын экен. Жатып алып эле ыйлай бердим. Мени көрүп ата-энем, бир туугандарым кошо кайгырышат. Жалгыз эле мен ушундай тагдырга туш болуп калгандай сезиле берди. Ооруканада бирге дарыланган эжелер менен байланышып жүрдүм. Алар мен сыяктууларга жардам берген уюмдар бардыгын, ал жакта окуулар, тренингдер болуп жаткандыгын айтып чакырышканда барбай жүрдүм. Себеби, баары эле мени карап жаткандай болуп, көпчүлүккө аралашкандан тартынчумун. Бир жолу алар: “Маникюр боюнча окутуу башталганы жатат, жок дегенде бир жолу келип көрүп кет”, — деп чалышты.

Көрөйүн деп барып, окуп калдым. “Назик кыз”, “Равенство” деген уюмдар кырсыктардан жабыркап, зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге тренинг-семинарларды, жайкы лагерлерди уюштуруп, атайын психологдор менен иштешүүгө шарт түзүп беришет экен. Окууларга катыша баштаганда көп жыл үйдө бекер жатканыма абдан өкүндүм.


Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келген адамдар менен жолугуп, сүйлөшүп, жалгыз эмес экенимди сездим.


Кырсыкка кабылып, меникинен да оор тагдырга туш болгондордун жашоого болгон умтулуусун, үмүтүн көрүп чыйралдым. Жок дегенде балдарым үчүн күчтүү болушум керектигин түшүндүм. Жашоом кадимкидей башка нукка түшүп, окутуулардан калбай барчу болдум. Көп өтпөй эле “Равенство” уюмунун башчысы Гүлмира Казакунова уюмда иштөөнү сунуштап, бул жакта администратор болуп иштеп жатканыма бир жылдан ашты. Уюмдун башкы максаты – адамдардын бири-бирине болгон көз карашын өзгөртүү. Себеби мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга коомдо башкача көз караш бар эмеспи. Андан сырткары уюм кулинария, тырмак жасоо, визажист, call-centre, блогер сыяктуу бир нече курстарды окутуп, өз алдынча оокат кылып кетүүлөрүнө көмөк көрсөтүшөт. Окутуулардан өтүү үчүн атайын талаптар жок. Өзүбүз таап, чалып чакырабыз. Учурда кырсыкка кабылып, депрессиядан чыга албай жаткандарга сабак берүү үчүн даярданып жатам. Себеби баары башымдан өткөндүктөн алардын абалын жакшы түшүнөм.


“Мен азыр такыр башка Светамын”


-24 жашымда кырсыкка кабылсам андан бери 9 жыл өттү. Көп нерсеге болгон көз карашым, жашоом өзгөрдү. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырбай эле турмушка чыгып кеткем. Айылдын жашоосуна көнүп, жашоо ушундай болот деп көр-тирлик менен алышып жүрө бериптирмин. Эми ойлосом, ал убакта алдыга чоң максаттарды коюп, ага аракет деле кылчу эмес экенмин. Бирок, жашоодо бурулуштар көп болот тура. Эгерде мага: “Мурунку Света менен азыркынын кайсынысын тандайсың?”- дешсе, азыркыны тандамакмын. Себеби Жараткан берген сыноо менен өзүмдү бир топ өзгөрттүм. Мурда жетишпеген ийгиликтериме азыр жетишип, мурда окубаган окууларымды азыр окуп жатам. Эмки жылы жогорку окуу жайына тапшырам деп турам. Билимимди тереңдетип, мага окшогон адамдарга колумдан келген жардамымды берсем деген максатым бар.


Уюмдан: “Коляска менен жарыш болгону жатат. Ошого катышып көрбөйсүңбү?”- деп калышты. Мен коляска менен эмес, ходунок менен көп жүргөндүктөн бир аз жүрөксүдүм. Бирок жетекчибиз: “Сен катышасың, мен коляскамды берем” дегенде жок дей алган жокмун. Олимпиаданы уюштургандар күнүнө канча бир километр жүрүп, машыгып турушумду айтышты. Сыртка чыкканым менен машыга албай жүрдүм. Бирок, эмнегедир жеңем деген ишеним бар эле. Колдоо ар тараптан болуп: “Сага ишенебиз, сен жеңесиң” деп дем берип, ишеним артып турушту. Кудай буюруп, биринчи келдим. Бул мага чоң ишеним, дем-күч берди. Эртеси эле паралимпиадага сунуш түштү. Буюрса, ошого даярданайын деп жатам. Жакында кол күрөш боюнча да мелдеш өтөт ошого даярдан дешти. Ага деле макул болдум. Негизи адам изденип, ар кайсы тармактан өзүн сынап көрө бериш керек экен.


“Бир туугандарыма ыраазымын”


-Биз 8 бир тууганбыз. Байке-эжелерим, иним жана сиңдим бар. Удаа болгондуктан сиңдим экөөбүз кичинекейибизден бири-бирибизге абдан ынак болуп өстүк. Дагы деле кайгырсам кайгырып, кубансам кубанып, бүгүнкү күнгө чейин мени колдоп келет. Ага ушунчалык ыраазымын, жүрөгүңдү сууруп бер десе бермекмин. Өзү абдан кайраттуу болгондуктан, болгон көйгөйлөрүмдү ачык айтып, кеңеш сурайм. Ажырашып шаарга келгенден кийин сиңдим дайыма жанымда болду. Дарыгерлер ходунок менен басып кетүүмө да кепилдик беришкен эмес. Себебин операциялардын туура эмес жасалганы менен түшүндүрүштү. Бирок баары бир үмүт үзгөн жокпуз. Сиңдим мага алгач жөрмөлөгөндү үйрөттү. Белимди сүлгү менен байлап алып, көтөрүп бастырганга аракет кылчу. Ал эмес мен чарчап калчумун. Сиңдимдин жардамы менен көнүгүүлөрдү жасап, басуучу аппарат менен тынымсыз алектенип жатып ходунок менен басып калдым.


“Буга да шүгүр кылам”


-Негизи ата-энем, бир туугандарымдын баары эле мага колдоо көрсөтүшүп, жардамдарын аяган жок. Кыйынчылык, кырсык башыңа түшкөндө ушулар гана жаныңда болот экен. Кайын журтум да абдан жакшы адамдар. Мага чалып: “Ыйлаба, тагдыр ушундай экен. Сени кызыбыздай эле жакшы көрөбүз” — деп турушат. Жолдошум да дарылатып, бастырып алам деп болгон аракетин жасады, ага да ыраазымын. Баары менен сый мамиледе калдым. Мындай учурда ишеним, үмүт жана жакындарыңдын колдоосу абдан маанилүү экенин сездим.


Бул кырсык баарыбыздын башыбызга келген сыноо болду. Сыноону да татыктуу көтөрүп өтүү керек экен. Мында эч кимди күнөөлөбөйм. Баарына чексиз шүгүрчүлүк келтирип, алдыга умтулуу менен жашай берем.


Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА,

“Кыргыз Туусу”

Made on
Tilda