Жолдошу менен ажырашкандан кийин ал үй-бүлөсүнө каралашпай калганын айтты.
"Эки жашымда дарыгерлер туура эмес укол сайып коюп баса албай калгам. Балалыгымдын баары ооруканада өттү. 20 жашымда турмуш кургам. Тагдыр экен, эки балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик.
Сегиз жылдан бери балдарымды жалгыз тарбиялап келе жатам. Небере жытын жыттагым келет.
Мага жашоого дем берген эки уулум. Алар бар үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Таксиден эң жакшы тапканым бир күндө 3000 сом болгон, болбой калса 500 сом", — деди Дөөлөтбаева.