Успешные истории людей с инвалидностью в Кыргызстане

Нуртилек: “Майыптыгыма карабай башкаларга үлгү болгум келет

Нуртилек ДЦП оорусунан жабыр тартат. Ага карабай жүргүнчү ташып иштеп, унаа оңдоп, тиричилик иштерин да кылат. Кол күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта төртүнчү орунду ээлеп, чет жерде Кыргызстандын желегин желбиреткенге да жетишкен. Аны менен оору тууралуу эмес, эмгек менен сүйүүгѳ толгон жашоо тууралуу сүйлѳштүк.

“Сасык тумоодон улам ДЦП оорусуна кабылыптырмын”

— Мен Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкөл айылынын кулунумун, 24 жаштамын. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Атам айдоочу, апам үй кожойкеси. Апам мени ай-күнүнө жетип, деним сак эле төрөптүр. Кош бойлуу кезинде да оору-сыркоодон алыс болуп, өзүн жакшы сезчү экен. Тилекке каршы, мен кырк күндүк болгондо сасык тумоолоп ооруп калыптырмын. Бирок үйүмдөгүлөр сасык тумоону олуттуу кабыл албай, көп убакыт үйдө карашат. Качан гана кома абалына түшүп калганда ооруканага алып барышыптыр. Доктурлар текшерип ДЦП, талма деген диагноздорду коюшкан экен. Буттарым ошондо эле кыймылдабай калган дейт. Доктурлар ата-энемден уруксат алып, жүлүндөн суу алып көрүшкөн. Эгер жүлүндөн суу албаса басып кетмек белем, билбейм. Ата-энем мага туура эмес дарылоо жүргүзгөн доктурлардын артынан түшкөн да эмес. Дароо эле мени айыктыруунун аракетине өтүшкөн. Бул үчүн болгон мал-мүлкүн, дүнүйөсүн сатып чет жерге чейин алып барышты. Тилекке каршы, биз каалагандай майнап чыккан жок. 2001-жылы белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков “нервге тийбей эле коюу керек, болбосо баланы жоготуп алабыз” деп айткандан кийин бул маселе менен ооруканага барбай калдык. Азыр буттарым ичке, кыйшыйып турат, кыймылдабайт.

“Дүйнөлүк чемпионатка катыштым”

— Бала кезимден спортко кызыгуум күч болчу. Алгач 4-классымда шахмат, шашки ойноо боюнча райондук мелдештерге катышкам. Араба менен жарышуу боюнча да жарышта ат салышып жүрдүм. 2019-жылы февраль айында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кол күрөш боюнча облустук мелдешине катышып, республикалык мелдешке жолдомо алгам. Андан кийин Орто Азия чемпионатына катышып, оң колумдан биринчи, сол колум боюнча экинчи орунга ээ болуп, алтын жана күмүш медалдарды алгам. Алдыңкы орундарым үчүн дүйнөлүк чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгү да келди. Ата-эне, тууган-урук, айылдаштарымдын жардамы менен каражат чогулуп, 54 мамлекеттин ортосунда Румынияда өткөрүлгөн чемпионатка катыштым. Анда төртүнчү орунду багындырып, чоң өлкөдө миллиондогон адамдардын алдында Кыргызстандын атын чыгардым. Бул мен үчүн зор сыймык, кубаныч болду. Ушул убакыттан пайдаланып машыктыруучум Абдыкапар агайыма, мага каражаттан көмѳк кѳрсөткөн адамдарга рахмат айтам. Буюрса, кийинки мелдеште алдыңкы орунду багындырууга аракет кылам.

“Жакында түндүк кѳтѳрѳм”

— Бир жыл мурун сүйүктүүм Акмаралды жолуктурдум. Ал сулуулук тармагында эмгектенет. Өзгөндүн Куршаб айылынан болот, 19 жашта. Акмарал мени баракчамдан таанып, билчү экен. Экөөбүз интернет аркылуу таанышып, алгач ага-карындаш катары сүйлөшүп жүрдүк. Кийин мамилебиз сүйүүгө айланып, олуттуу мамилеге ѳттүк. Буюрса, ата-энелерибиз жолугуп үйлөнчү күнүбүздү белгилешсе, экөөбүз баш кошууну тилек кылып жатабыз. Албетте, болочок жубайымдын ата-энеси кызынын мага турмушка чыгуусуна алгач каршы болушкан. Бирок мени менен таанышып кандай бала экенимди көрүп, оюмду уккандан кийин макул болуп калышты. Азыр болочок ата-энем мени баласындай жакшы көрүшөт. Сүйүктүүм экөөбүз тезирээк бирге болууну каалайбыз. Биз башкаларга үлгү болгон үй-бүлө болобуз деген тилегим бар. Биздин сезимдерибиз баарын жеңет.
Айгерим Токтобай кызы

Булак: Lady.kg








Made on
Tilda